Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда климаттын айынан жакырлар көбөйүп, сел, жер көчкү коркунучу жогорулайт


Соңку жылдары Кыргызстанда сел, суу ташкыны, катуу шамал, нөшөр жаан жана жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп катталууда.
Соңку жылдары Кыргызстанда сел, суу ташкыны, катуу шамал, нөшөр жаан жана жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп катталууда.

Дүйнөлүк банктын тобу Кыргызстандагы климат жана өнүгүүгө байланыштуу атайын баяндамасын жарыялады. Анда кыргыз бийлиги 2030-жылга чейин ортодон жогорку кирешелүү өлкө макамына жетүүгө аракет кылып жатканы, бирок климаттык өзгөрүүлөрдүн айынан бир катар кыйынчылыктарга туш болушу ыктымалдыгы белгиленген.

"Алдыдагы жылдарда катуу жаан, бороон-чапкын, жер көчкүлөр, өтө ысык аба ырайы жана кургакчылыктын көбөйүшү экономикалык өнүгүүнү жайлатат деп болжолдонуп жатат. Ага ылайык, 2050-жылга чейин ички дүң өнүм 2-4% чейин төмөндөшү мүмкүн. Эң чоң залака айыл чарбасына жана негизги инфраструктурага тийип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана транспорттук байланышуусуна терс таасирин тийгизет. 2040-жылга чейин дагы негизинен айыл жергесиндеги 170 миңге жакын адам жакырчылыктын чегинен төмөндөп кетиши мүмкүн. Сугат суунун тартыштыгы 24% чейин жетип, жылдык кирешедеги жоготуулар 5-10% түзүшү ыктымал. Инфраструктура бир топ каражатты талап кылат, оңдоо иштерине жылына 100 миллиондой доллар жумшалышы ыктымал. Жер көчкүлөрдүн көбөйүшү суу каптоолордун коркунучун 24–38% жогорулатат, инфраструктурага келтирилген зыян 72% чейин өсүшү болжолдонууда",-деп жазылган баяндамада.

Документте ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү максатында бир катар сунуштар берилген. Алардын арасында ирригация жана айыл чарба тармагында комплекстүү пландоо жана адаптациялык чараларды күчөтүү, инфраструктураны чыңдоо жана экстремалдуу аба ырайына туруктуулукту жогорулатуу үчүн ландшафттарды башкарууну жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын өркүндөтүү, энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана жеке инвестицияларды стимулдаштырууга багытталган реформаларды жүргүзүү, ички жана тышкы жеке инвестицияларды, климаттык каржылоону тартууга шарт түзүү өңдүү чаралар бар.

Ушул жылдын сентябрь айында президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясындагы климаттын өзгөрүшү боюнча иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө тышкы карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштырууну сунуштаган. Анда каражаты экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын билдирген.

Соңку жылдары Кыргызстанда сел, суу ташкыны, катуу шамал, нөшөр жаан жана жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп катталууда. Буга өлкөнүн географиялык жайгашуусу менен катар жалпы дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр түрткү болуп жатканы айтылып келет.

ӨКМдин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин маалыматына караганда, 2024-жылы нөшөр жаандан кийин 330 сел кырсыгы катталып, 22 кишинин өмүрү кыйылды. Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу жогору 4 миңден ашуун зона бар, 2 миңге жакын бийик тоолуу көлдүн 368инде жырылуу коркунучу бар. Сузакта 600дөй үй-бүлө кооптуу жерлерде жашай турганын, мамлекет каражат жана жер бөлүп бергенине карабастан көчпөй жатканын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген. Жергиликтүү тургундар жаңы үй-жай курууга каражаты жетишсиз экенин айтышат.


Шерине

XS
SM
MD
LG